Кыргызстан менен Кытай бир катар документтерге кол койду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын премьер-министри Темир Сариев менен Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян. Архив
Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев менен Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев учурда расмий сапар менен Кытай мамлекетинде жүрөт.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариевдин Кытайга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда бир катар документтерге кол коюлду.

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев Кытай — Кыргызстан темир жолунун курулушун тезинен баштоого чакырды
Сариев менен Кытайдын премьер-министри Ли Кэцяндын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча "Биргелешкен коммюнике", "КР Билим берүү жана илим министрлиги жана КЭР Билим берүү министрлиги ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуу тууралуу келишим", "КР Маданият, малымат жана туризм министрлиги жана КЭР Маданият министрлиги ортосундагы 2016-2019-жылдарга кызматташуу программасы", "КР Улуттук банкы жана Кытай банктык ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча комиссиясы аралык кризисти башкаруу тармагындагы кызматташуу жөнүндө билдирүү", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана "Транс-Кыргыз газ Пайплайн Компани Лимитед" ортосундагы инвестициялык келишим" сыяктуу бир катар документтерге кол коюлду.

Премьер-министр Темир Сариев Кытайга кесиптеши Ли Кэцяндын чакыруусу мене 14-17-декабрь күндөрү аталган мамлекетте расмий сапар менен жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0