Кытай Лейлектеги Эркин экономикалык аймакты жандандырууга кызыкдар

© flickr.com / poeloqКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай консулу Баткендеги көгүлтүр от жетпеген аймактарды газдаштыруу маселесин колго алса болорун айтты.

БИШКЕК, 14-дек. – Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков менен Кытайдын Ош шаарындагы консулу Суи Лицюнь жолугуп, эки тараптуу кызматташуу туурасында сүйлөштү. 

Негизги талкуу эки тарап аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшырта турган инвестициялар туурасында жүрдү. 

Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан-Кытай" магистралдык газ түтүгү быйыл курулуп бүтөт
Сун Лицюн эки мамлекеттин региондор аралык кызматташтык мамилесин түзүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн жана тоо-кен тармагына, аны менен катар эле көгүлтүр от жетпеген аймактарды газдаштырууга көмөк кылууга болорун белгиледи. 

Мындан сырткары Баткен облусунун Лейлек районундагы эркин экономикалык аймактын ишин илгерилетүү боюнча да сөз болду. 

Сөз болуп жаткан Лейлек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Авазбек Гапыровдун берген маалыматында иш эми гана башталды.

"Азырынча жергиликтүү жети ишкана каттоодон өттү, баш-аягы канча субъект иш алып бара тургандыгы так эмес. Негизинен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө басым жасалат", — деп айтып берди Гапыров. 

Жетекчи андан сырткары курулуш материалдарын да чыгаруу каралып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0