ЕАЭБ ишкерлери бирдей шартта иш алып барат

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык биримдик мамлекеттериндеги ишкерликти жөнгө салуунун бирдей шарттары тейлөө жана товарлардын наркын арзандатууга негиз болот.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. ЕАЭБ мейкиндигинде ишкерликти башкаруунун бирдей системасы түзүлө турганын Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда биримдикке кирген өлкөлөрдө ишкерликти башкаруунун ар кыл ыкмалары пайдаланылып келет. Мында айрым нормалар ишкерлерге кошумча күч келтирип, бизнестин өнүгүшүнө тоскоол болууда.

"Ишкерлерге болгон талаптар чар жайыт, маалымат жеткиликтүү эмес, уруксат берүүчү процедуралар татаал. Мындан улам чектөөлөр жаралып, ишкерлер үчүн айрым кыйынчылыктар пайда болуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Евразиялык экономикалык комиссия биримдик ичинде ишкерликти жүргүзүүнү жеңилдете турган документ иштелип чыкты.

"ЕАЭБ мамлекеттери иштөө үчүн ишкерлерден талап кылынган уруксат берүүчү документтердин акыркы тизмесин белгилеп чыгышы керек. Бул мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюп, лицензия берүү системасын ачык-айкын кылып жолго коет. Административдик жана финансы күч келтирүүнү азайтат", — дейт ЕЭК.

Ишкерликти жүргүзүү боюнча бирдиктүү документ ЕАЭБ ичиндеги атаандаштыкты жогорулатып, инвестиция тартууга өбөлгө болот. Комиссия мындай эреженин иш жүзүндө колдонулушу тейлөө жана товардын наркынын арзандашына шарт түзөрүн белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0