Кыргызстан менен Кувейт экономика жана аба каттамы жаатында кызматташат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаевдин Кувейтке болгон расмий иш сапары учурунда.
Алмазбек Атамбаевдин Кувейтке болгон расмий иш сапары учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаевдин Кувейтке болгон расмий иш сапарынын алкагында бир нече макулдашууларга жана меморандумга кол коюлду.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин Кувейтке болгон расмий иш сапары учурунда ал Кувейт мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев Кувейттин вице-премьерин Кыргызстанга чакырды
Президент Алмазбек Атамбаев Кувейттин Эмирине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, жооп иретинде Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабах келерки жылы Кыргызстанга келип кетүү ниетин билдирип, республикага жана өлкөнүн элине гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кувейт Мамлекетинин ортосунда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мамлекет башчыларынын катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

  • Кыргыз өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосунда кирешеге жана капиталга кош салык салуудан качуу жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосунда экономикалык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосунда Кыргызстандын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлерин Кувейттин визалык талаптарынан бошотуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосунда аба катнашы жөнүндө макулдашуу; 
  • Эки тараптуу консультациялар боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум. 
Жаңылыктар түрмөгү
0