Ак-Сууда крахмал иштетүүчү завод ишке кирди

Жазылуу
Бул сыяктуу кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу менен жаңы жумушчу орундарын түзүш керек деди премьер–министр Сариев.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Өлкөдө кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу менен жаңы жумушчу орундарын түзүү зарылдыгын премьер–министр Темир Сариев Ак-Суу районундагы крахмал иштетүүчү заводдун ачылыш аземинде билдирди. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр жаңы ишканаларды ачуу үчүн инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жергиликтүү тургундарды активдүү катышууга чакырды
1/2
Премьер-министр жаңы ишканаларды ачуу үчүн инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жергиликтүү тургундарды активдүү катышууга чакырды
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗавод Түштүк Корея инвесторлорунун каржылоосу менен курулган.
2/2
Завод Түштүк Корея инвесторлорунун каржылоосу менен курулган.
1/2
Премьер-министр жаңы ишканаларды ачуу үчүн инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жергиликтүү тургундарды активдүү катышууга чакырды
2/2
Завод Түштүк Корея инвесторлорунун каржылоосу менен курулган.

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугуп баарлашты. 

"Быйыл ар бир райондо 10дон кем эмес ишкана ачуу тапшырмасы берилген. Анын алкагында Ак-Суу районунда крахмалды иштетүүчү завод ачылып жатат. Өлкөбүздө өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын 15 пайызы гана кайра иштетилет, бул абдан аз. Ошондуктан, бул сыяктуу кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу менен жаңы жумушчу орундарын түзүшүбүз керек", — деди Сариев.

Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө быйылкы жылдын эсебинен төртүнчү мектеп ачылды
Аталган завод Түштүк Корея инвесторлорунун каржылоосу менен курулган. Завод 40-50 адамды жумуш менен камсыз кылат.

Премьер-министр жаңы ишканаларды ачуу үчүн инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жергиликтүү тургундарды активдүү катышууга чакырды.

Муну менен катар Сариев жергиликтүү тургундарга өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири улуттук долбоорлор тууралуу маалымат берди. Премьер-министр Ысык-Көлдү айланган шакекче жолдун курулуп жатканын, Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү боюнча долбоорду атады. Ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын толук кандуу пайдалануу жаатында долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

"Биз пландап жаткан ири долбоорлордун баары өлкөдө тартип, мыйзамдуулук, туруктуулук жана ар бир адамдын ички ыйманы жана тарбиясы жогору болсо гана ишке ашат", — деди Сариев.

Мындан соң өкмөт башчы Ак-Суу районундагы индиялык инвесторлор менен бирге курулуп жаткан гипс чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты. Аталган заводду 20-январда ишке берүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0