Жаңы өкмөт жаңы бюджетти бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдогу акча жана көз айнек. Архив
Столдогу акча жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмдиги жылдын бюджетинин кирешеси 4,6 миллиард сомго көбөйүп, 123 миллиард сомду түзөт.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өкмөт өз жыйынында жаңы структурасына ылайык 2016-жылдын бюджетин бекитти. 

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, кийинки жылдын бюджетинде олуттуу өзгөрүүлөр болбойт.

Казынанын киреше бөлүгү 4,6 миллиард сомго көбөйүп, бюджеттин таңсыктыгы 5,5 пайыздан 4,5ке төмөндөйт.

"Эл аралык уюмдарга мүчөлүк төлөм төлөө, Мамлекеттик ипотека компаниясынын түзүлүшү жана республиканын эпизоотикалык абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралардан улам бюджеттин чыгашасы да көбөйдү", — деди министр.

Касымалиев бюджеттин долбоору август айында эле кабыл алынып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөнүн эскертти.

"Андан кийин жаңы парламент келип, коалиция түзүлүп, өкмөттүн жаңы структурасы бекиди. Бул өзгөрүүлөрдөн улам долбоорду кайрып алып, баарын эсептеп чыгууга мажбур болдук. Чыгаша бөлүмүнө рационалдуу мамиле жасоого аракет кылдык. Айрым иш-чараларга каражат карала элек", — деди ал.

Премьер-министр Темир Сариев азырынча министрлик менен мекемелердин тынчсыздануусуна себеп жок экенин белгиледи. Ал ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча каражат бөлүнөрүн белгиледи. 

"Бюджеттин макулдашылган долбоорун жакын арада парламентке жөнөтүп, жыл аягына чейин үч окууда карап берүүсүн өтүнөбүз", — деди өкмөт башчы.

Август айында Каржы министрлиги 2016-жылдын бюджетинин жалпы кирешеси 118,2 миллиард сом, чыгашасы 145,5 миллиард сом деп болжолдогон. Ал эми бюджет таңсыктыгын жабууга 27,3 миллиард сом өлчөмүндө каржылоо булагы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0