КРдеги адал индустрияны кытайлык уюм колго алууну көздөп жатат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүХалал колбаса азыктары. Архив
Халал колбаса азыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда адал индустриясын өнүктүрүү, экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча иштер аткарылууда.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы адал индустриясын өнүктүрүү маселелерин Экономика жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү Кытай ислам уюму менен талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Экономика жана өнөр жай министрлигинин түндүк аймактык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев Туруктуу улуттук өнүгүү стратегиясынын приоритеттүү багыттарынын бири айыл чарба продукцияларын кайта иштетүү керектигин айтат. Себеби, бул тармак толугу менен колго алына элек деген ойдо.

"Министрлик аталган тармакка инвестициялык долбоорлорду тартуу боюнча аракеттерди жасап жатат", — деди ал.

Жумалиев ошондой эле, Кыргызстандагы адал индустриясын өнүктүрүү, экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча иштер аткарылып жатканын кошумчалады. 

Өз кезегинде ассоциациянын жетекчиси Адилжанг Ажикелим адал индустрия жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстанда мал чарбачылыгы жакшы жакка коюлуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0