Кыргызстандык ишкерлер россиялык рынокко кирүүнүн сырын үйрөнөт

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын борбор калаасы Москва шаарында өтө турган эл аралык иш-чара Экономика жана өнөр жай министрлиги, "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы жана "Кыргыз биримдиги" коомдук фонду менен биргеликте уюштурулуп жатат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Москва шаарында 10-11-декабрь күндөрү "Кыргыз-Экспо-2015" эл аралык бизнес-форуму өтө турганын Экономика жана өнөр жай министрлиги билдирди. 

ЕЭК министри: Кыргызстандын этинин даамын таткандан кийин башка нерсе жегиңер келбейт
ЕАЭБ шартындагы кыргыз бизнесине жана экспорт маселесине арналган форум Экономика жана өнөр жай министрлиги, "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы жана "Кыргыз биримдиги" коомдук фонду менен биргеликте уюштурулууда. 

Иш-чарада кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБ мамлекеттеринин Россия рыногу өздөштүрүү боюнча иш тажрыйбасы менен таанышып, жаңы аспектилерден маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 12-августунан тартып Евразия экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болгон. Мындан улам кыргыз-казак чек арасындагы бардык бажы процедуралары алынып, Кыргызстандын аймагында бирдиктүү бажы тарифи жана ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн тышкы экономикалык бирдиктүү товар номенклатурасы киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0