Жылуулук сезонуна даярдык үчүн жыл башынан бери 4,9 млрд. сом жумшалды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көмүр сатып алууга жалпы жонунан 209,4 миллион сом сартпалса, каражаттын дагы бир бөлүгү бийик тоолуу жана алыскы аймакта жашагандар үчүн электр энергиясына компенсация катары төлөнүп берген.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жыл башынан бери жылуулук сезонуна даярдык иштерине республикалык бюджеттен 4 миллиард 885,8 миллион сом чыгымдалганын Каржы министрлиги билдирди.

Аталган каражаттын 1 миллиард 722,2 миллиону жылуулук энергиясын субсидиялоого жумшалган.

"Январь-ноябрь айларынын аралыгында "Электр станциялары" ишканасынын бюджеттик ссудаларынын көлөмү 1 миллиард 550 миллион сомду түздү. Ал эми бюджеттик уюмдардын жылуулук, электр энергиясы жана жаратылыш газына 975,3 миллион сом сарпталды, — деп айтылат билдирүүдө.

Бюджеттен көмүр сатып алууга 209,4 миллион сом жумшалды. Ал эми бийик тоолуу жана алыскы аймакта жашагандар үчүн электр энергиясына компенсация катары 120,3 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0