Доллардын айынан газдын баасы 1,16 сомго кымбаттады

Жазылуу
"Газпром" көгүлтүр оттун наркы ар бир айдын башында Улуттук банк доллардын расмий кунун бекиткен баага жараша аныкталарын белгиледи.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Декабрь айында жаратылыш газга болгон баа 1,16 сомго кымбаттаганын "Газпром" ишканасы билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат газдын баасы доллар эмес, рубль менен эсептелгенде асман чапчымак эмес дейт
Маалыматка ылайык, кыштын алгачкы айында газдын 1 метр кубу калк үчүн 16,93 сомго бааланса, өнөр жай ишканалары, коммерциялык структуралар жана бюджеттик уюмдар 20,49 сомдон сатып алышат. Баа салыктардын эсеби менен бекитилген.

"Газпром" компаниясынын билдирүүсү боюнча, көгүлтүр отундун баасы Улуттук банк ар бир айдын башында бекиткен АКШ долларынын расмий курсуна карата аныкталат. 

Газдын калк үчүн 1,16 сомго, ал эми өнөр жай ишканалары үчүн 1,30 сомго кымбатташы декабрдын башына карата доллардын расмий курсу 75,86 сом деп бааланганынан улам келип чыккан. Ал эми 1-ноябрда АКШ долларынын куну 69,69 сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0