Токмоктогу нефтини кайта иштетүүчү заводу ишке кирди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүНефть. Архив
Нефть. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган заводду курууга 60 миллион АКШ доллары кеткен. Ал бир жылда 400 миң тонна нефтини кайта иштетүүгө кубаты жетет.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Токмоктогу нефтини кайта иштетүүчү завод тесттик режимде иштей баштады. Эми ал бир катар бензиндин түрлөрүн чыгарып баштайт. Бул тууралуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Таалайбек Нурбашев билдиргенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ал Токмоктогу нефтини кайта иштетүүчү заводдун ишке кириши жакшы жышаан экенин билдирди.

"Жаңы өндүрүш жергиликтүү рынокту сапаттуу товар менен камсыздап, атаандаштыкты жаңы деңгээлге чыгарат. Ошондой эле, Токмок шаарынын жана ага жакын жайгашкан аймактардын тургундары туруктуу жумуш орду менен камсыз болот", — деди ал.

Белгилей кетсек, аталган заводду курууга 60 миллион АКШ доллары кеткен. Ал бир жылда 400 миң тонна нефтини кайта иштетүүгө кубаты жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0