Панкратов: Токмок сүт заводун иштетүүгө 17 млн. доллар зарыл

Жазылуу
Беш жылдан бери банкроттуктан улам токтоп турган заводго учурда инвестор изделип жатат.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Инвестиция тартуу боюнча агенттик Токмок сүт заводун сатып алып, өндүрүшүн жандандыра турган инвестор издеши керек. Мындай тапшырманы вице-премьер Олег Панкратов Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында берди.

Маалыматка ылайык, аталган ишкана банкрот болуп 2010-жылдын жай айынан бери токтоп турат.

Панкратов Токмок сүт заводунун толук кандуу иштөөгө бардык шарты бар экенин белгиледи.

"Ишкананы банктан 12 миллион долларга сатып алып, андан кийинки өндүрүшүнө 5 миллион доллар салууга даяр инвестор табуу керек. Заманбап жабдуу менен жабдылып, 650 кишини жумуш менен камсыздап, өндүрүшүнүн 90 пайызы экспорттолуп келген ишкананын толук кандуу иштешине кыргыз өкмөтү кызыкдар", — деди ал.

Иш сапардын алкагында Панкратов "Бишкек" эркин экономикалык аймагын жана Токмок нефть иштетүүчү заводунун иши менен таанышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0