Элчи Жунусов төө буурчактын төмөндөгөн баасын чечүү үчүн Мерсин шаарына кетти

© Sputnik / Нургуль МаксутоваТөө буурчак. Архив
Төө буурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мерсин шаарында айыл чарба азыктары, анын ичинде төө буурчак соодаланчу биржа орун алган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов төө буурчак маселеси боюнча Мерсин шаарына учуп кетти. Буга чейин өкмөт башчы премьер-министр Темир Сариев Тышкы иштер менен Экономика жана өнөр жай министрликтерине төө буурчактын баасын жогорулатуу боюнча жаңы базарларды табуу тапшырмасын берген.

Төө бурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Талас: баасы түшкөн төө буурчак, жаны күйгөн дыйкандар
Элчи Жунусов Мерсин шаарындагы төө буурчак импорттоо менен алектенчү түркиялык компаниялар менен жолугуп, Кыргызстан сата турган продукция туурасында сүйлөшөт.

Мерсин шаарында айыл чарба азыктары, анын ичинде төө буурчак соодалануучу биржа орун алган. Бул жерде төө буурчакты сатып алып, аны таңгактап жана сатуу менен алектенген ишканалар жайгашкан эркин экономикалык аймак бар.

Акыркы бир нече айдан бери Кыргызстанда төө буурчактын быйылкы баасына нааразы болгон таластык дыйкандар менен фермерлер өкмөттүн абалга аралжы болуусун талап кылып келет. 

Мындан эки күн мурда Таласка иш сапар менен барган өкмөт башчысы Темир Сариев бул маселеге көңүл буруп, аны өкмөттүк деңгээлде чечүүгө убада берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0