Улуттук банк төрагасы Кувейтте исламдык каржылоо ыкмасы менен таанышты

© пресс-служба МИД КРКувейттин Борбордук банкынын жана Эл аралык валюта фондунун чакыруусу менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов Эль-Кувейт шаарында өтүп жаткан Эл аралык ислам финансы конференциясында.
Кувейттин Борбордук банкынын жана Эл аралык валюта фондунун чакыруусу менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов Эль-Кувейт шаарында өтүп жаткан Эл аралык ислам финансы конференциясында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференция "Исламдык каржылоо: глобалдуу чакырыктарга жооп" темасынын алдында өтүп, анда исламдык каржылоонун принциптери, финансылык институттардын өз ара мамилеси талкууланмакчы.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кувейттин Борбордук банкынын жана Эл аралык валюта фондунун чакыруусу менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов Эль-Кувейт шаарында өтүп жаткан Эл аралык ислам финансы конференциясына катышып жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара "Исламдык каржылоо: глобалдуу чакырыктарга жооп" темасынын алдында өтүп, анда исламдык каржылоонун принциптери, финансылык институттардын өр ара мамилеси талкууланмакчы.

Конференцияга чет мамлекеттердин банк жана финансы мекемелеринин өкүлдөрү жана эл аралык деңгээлдеги финансы эксперттери катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0