01:53 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
3620

Нарын облусундагы 30дан ашык айыл аймактары Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасыны менен Россиянын биргелешкен өндүрүштү жана коммуникацияны өнүктүрүү боюнча долбооруна катышты.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. "Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү" программасынын негизги донору Россия эки жыл ичинде 3,5 миллион АКШ долларын айыл аймактарындагы 201 долбоору үчүн короткон. Бул тууралуу Sputnik маалымат агенттигине Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын аймактык кеңсесинин коомчулук менен байланыш боюнча эксперти Мирлан Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, долбоор Нарын облусунда 2014 жана 2015-жылдары иштеген. Былтыр 76 долбоор ишке ашса, быйыл 125 долбоор аткарылган. Ага үч райондон ондон айыл катышкан.

"Долбоор түрдүү тармакты ичине камтыды. Ал коммерциялыктан тартып, айылдыктардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган социалдык тармакка чейин камтыды. Мисалы, Ак-Муз айылында өлгөн малды жок кылуучу аң салынды. Ошондой эле, таза суу менен камсыздоо жакшыртылып, ветеринардык кызмат түзүлгөн", — деди ал.

Дыйканбаев кээ бир долбоорлорлу ишке ашырууда айылдыктар да жардам акча чогултуп, салым кошкон.

"Программанын алкагында алынган техникалар айыл-аймактарга катталган. Эгер ал өз максатында колдонулбаса аймак аны башка кызыктар богон айылдарга берип коюуга укуктуу", — деди ал.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов ушундай эле программа кийинки жылы Ош облусунда баштала турганын айтты. Ал Россиянын каржылык колдоосу аркылуу ишке ашат.

Тема боюнча

Жазгы талаа жумуштары үчүн жер семирткичтер алып келинүүдө
Белгилер:
Россия, Нарын, Мирлан Дыйканбаев, Александр Аванесов, БУУӨП

ЭҢ МААНИЛҮҮ