Кыргызстанга дан ташыган ишкерлер салыктан 4 жылга бошотулушу мүмкүн

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКырман. Архив
Кырман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоору жергиликтүү ун өндүрүүчү ишканаларды колдоо жана мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында иштелип чыккан.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Экономика министрлиги Кыргызстандын аймагына киргизилген данга болгон кошумча нарк салыгын алып салууну сунуштап жатканы Жогорку Кеңештин сайтынан белгилүү болду.

Мыйзам долбоорунда Салык кодексине өзгөртүү киргизип, өлкөгө дан ташуучу импортерлорду 2020-жылдын 1-январына чейин 12 пайыздын кошумча нарк салыгынан бошотуу каралган. Бул жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү рыноктун терс таасиринин сактоо үчүн жасалууда.

"Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугу көп учурда чет элдик өндүрүүчүлөрдөн көз карандылыкты шарттаган ундун көлөмүнө байланыштуу болот. Андыктан жергиликтүү ун өндүрүүчүлөрдү колдоп, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн бардык шарттарды түзүп берүү зарыл", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.

Мыйзам долбоорунун авторлору алып келинген данды салыктан бошотуу Кыргызстанда өндүрүлгөн ундун баасын төмөндөтүүгө негиз болуп берерин белгилешүүдө.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна октябрь айында киргизилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0