Атамбаев: Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду фермерлерге арзан насыя берүү боюнча иштөөсү зарыл

Жазылуу
Өлкө башчы Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кеңеш төрагасы, РФ каржы министринин орун басары Сергей Сторчакты кабыл алып, белгиленген долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Айыл чарба, жеңил өнөр жай жана инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө болот. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кеңеш төрагасы, РФ каржы министринин орун басары Сергей Сторчакты кабыл алуу учурунда билдирди.

Банк кызматкери операциондук залда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеңилдетилген насыя алууну каалаган компанияларга карата беш талап
Жолугушууда айыл чарба, тигүү, текстиль жана кайра иштетүү тармактарындагы иш-аракеттер талкууланды. 

Атамбаев фонд кайра иштетүү тармагындагы ишкерлер менен фермерлери жеткиликтүү насыя менен камсыздоо боюнча алгылыктуу аракеттерди көрүүсү керектигин белгиледи.

Өлкө башчынын билдирүүсүндө аталган тармактардагы белгиленген долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу жумушчу орундардын түзүлүшүн шарттап, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында мамлекеттин экспорттук потенциалын арттырууга негиз болуп бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0