Диль: инновациялык өндүрүш мамлекеттин колдоосуна муктаж

Жазылуу
Вице-премьер инновациялык өндүрүш өтө чоң тобокелчилик менен коштолорун белгилеп, аталган багытта иш алып барган ишкерлерге мамлекет тийиштүү шарттарды түзүп бериши керектигин кошумчалады.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Инновациялык технологиялардын негизинде иштей турган өндүрүшкө мамлекеттик колдоо зарыл экенин вице-премьер Валерий Диль өкмөттүн инновациялык өнүктүрүү боюнча долбооруна арналган жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөр инновациянын жардамы менен экономикасын калыбына келтирип, структурасын кайра түзүп, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгарып жатат. 

"Мында көп нерсе тигил же бул мамлекеттин инновациялык процесстерди колдонуу багытын канчалык туура тандап алкагына байланыштуу болот", — деди вице-премьер.

Кумтөр компаниясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статком: өндүрүштүн көлөмү көбөйдү
Диль учурда Кыргызстандын алдында илимий-техникалык потенциалдын негизинде ата мекендик экономиканы көтөрүүгө жөндөмдүү улуттук инновациялык системаны түзүү маселеси турат. 

Мындан тышкары, вице-премьер инновациялык өндүрүш өтө чоң тобокелчилик менен коштолорун белгилеп, аталган багытта иш алып барган ишкерлерге мамлекет тийиштүү шарттарды түзүп бериши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0