Улуттук банк эсептик чен өлчөмдүн көлөмүн 10 пайыз бойдон калтырды

© Фото / пресс-служба НБКР Улуттук банк. Архив
Улуттук банк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттеанык ички дүң өнүмүнүн өсүш арымы "Кумтөрдү" эске албаганда 4,3 пайызды түзгөн.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн он пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. 

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери 6,3 пайыз чегинде катталган экономикалык өсүш эң башкысы, "Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканаларында өндүрүштүн артышы менен шартталган. Реалдуу ички дүң өнүмдүн өсүш арымы "Кумтөрдү" эске албаганда 4,3 пайызды түзгөн.

Акча алмаштыруучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк акча алмаштыруу жайлары кирешесин жасалма азайтып жатканын белгилейт
Октябрь айында инфляция деңгээлинин басаңдашы катталып, анын жылдык өсүшү кыскарган. Бул товарлардын азык-түлүк тобуна баанын өсүш арымынын төмөн болушунан жана күйүүчү-майлоочу майга ички баанын арзандашынан улам болгон.

Инфляциянын мындан аркы динамикасы валюта рыногундагы жагдай, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында тышкы соодалык өз ара карым-катыштын өнүгүү арымына, мамлекеттик бюджеттин чыгашаларынын бирдей ченемде сарпталышы менен аныкталат. 

Улуттук банк башкармасынын эсептик чен өлчөм маселесин кароого алган кийинки отуруму 2015-жылдын 30-ноябрына пландаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0