Кыргызстанда жакырчылыкты жоюуга ЭӨА 12 млн. доллар берет

Жазылуу
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан бөлүнүп жаткан каражаттын теңинен көбү кредиттик негизде болсо, калганы грант түрүндө келет.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) жакырчылыкты жоюу үчүн Кыргызстанга 12 миллион АКШ долларын бөлүп бере тургандыгы Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган.

Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азия өнүгүү банкы Кыргызстанга $22 млн. өлчөмүндө грант бөлөт
Маалыматка ылайык, бул айылды инвестициялоо долбоорунун үчүнчү бөлүгү болуп эсептелинет. Маңызы боюнча, аталган бөлүк Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандар ортосунда отчет тапшыруу түзүмүн бекемдөөнүн эң бир маанилүү ыкмасы болот. 

Бөлүнүүчү 12 миллион доллардын 6,6 миллиону кредит болсо, калганы грант түрүндө берилет. Мында кредиттик каражат жети жылдык жеңилдетилген мөөнөттү кошкондо 38 жылга 0,75 пайыз менен бөлүнүүдө. 

Долбоор өз алдынча башкаруу институттарынын потенциалын өнүктүрүү аркылуу айылдагы калк арасында жакырчылыктан арылууга багытталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0