Мамлекеттик чыгымдар октябрда 1,8 миллион сомго көбөйгөн

Жазылуу
Бюджет тартыштыгын жабуу үчүн Каржы министрлиги россиялык гранттан 30 миллион доллар сарптоону пландап жатат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Октябрь айында мамлекеттик бюджеттин чыгымы 1,8 миллиард сомго көбөйгөнүн Каржы министрлиги билдирди.

Тыйындар жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан бюджеттин ачык-айкындыгы боюнча Казакстан менен Түркияны артка калтырды
Маалыматка ылайык, финансылык эмес чыгымдар 871,8 миллион сомду түзөт. Ошондой эле, "Имарат жана курулуш" беренелери боюнча 736 миллион, "Машина жана жабдуулар" 131 миллион жана негизги фонддор боюнча 4миллион сом сарпталган. Операциялык чыгымдарга 791 миллион сом кетет.

Бюджет тартыштыгын жабуу үчүн Каржы министрлиги россиялык гранттан 30 миллион доллар сарптоону пландап жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Каржы министрлиги январь-сентябрь айларында республикалык бюджетке (атайын каражатты кошпогондо) 79 миллиард 463 миллион сом түшкөн.

Ал эми аталган мөөнөттө республикалык бюджеттин чыгымы (атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттин карызын эсепке алганда) 81,895 миллиард сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0