Сариев Кыргызстанда баанын кымбаттаганын сезген жок

© пресс-служба правительства КРПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, сентябрь айында инфляциянын деңгээли болгону бир пайызды түзгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев жумушчу жыйында үстүбүздөгү жылдын тогуз айында инфляциянын деңгээли 6,4 пайызды түзгөнүн билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБге Кыргызстандын кошулушуна каршы чыккандар өлкөдө баалар кескин жогорулайт деп коркутканы менен, иш жүзүндө андай болгон жок.

"Статкомитеттин маалыматы боюнча 2015-жылдын тогуз айында инфляция 6,4 пайызды түздү. Мында сентябрда инфляциянын деңгээли болгону бир пайызга жеткен", — деди өкмөт башчы.

Буга чейин өкмөт жыйынында Кыргызстандын ЕАЭБ шарттарына адаптацияланышы боюнча мекеме аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу планга 99 иш-чара кирип, анын 49 пункту аткарылган. Мындан тышкары, 45 иш-чара кароодо турса, калган бешөөнүн мөөнөтү келе элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0