Ноябрда чек арадагы санитардык жана фитосанитардык көзөмөл алынат

Жазылуу
Сариев чек аралардагы көзөмөлдү алуу ЕАЭБ мамлекеттерине айыл-чарба продукциясын тоскоолдуксуз ташууга шарт түзөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында чек аралардагы санитардык жана фитосанитардык көзөмөл толугу менен алына турганын премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын ЕАЭБ шарттарына адаптацияланышына арналган жыйында билдирди. 

Анын айтымында, бул ЕАЭБ аймагындагы өлкөлөргө айыл чарба продукциясын ээн-эркин ташууга жол ачат.

"Жакын арада ветеринардык көзөмөлдүн алынышы боюнча маселе чечилет. Буга байланыштуу мамлекеттин ветеринария жаатындагы абалды жакшыртууга багытталган Мамлекеттик инспекциянын отчетун талап кылам. Өкмөт өз кезегинде аталган маселелерди чечүүгө бардык аракетин көрүп келет", — деди премьер-министр.

Сариев Кыргызстандын ЕАЭБ шарттарына адаптациялануусу боюнча планга 99 иш-чара кирип, анын 49 пункту аткарылганын белгиледи. Мындан тышкары, 45 иш-чара кароодо турса, калган бешөөнүн мөөнөтү келе элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0