Салык кызматы чек арачылардан өлкөгө кирген товарлардын так эсебин алууну өтүнөт

© Sputnik / Валерий Морев / Медиабанкка өтүүБажы көзөмөл пункту. Архив
Бажы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
МСК төрагасы Замирбек Осмонов Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен айрым ишкерлер салык төлөөдөн качуу максатында өлкө аймагына киргизип жаткан товардын көлөмүн азайтып көрсөтүп жатканын, бул бюджетке да, адийирдүү ишкерлердин кадыр-баркына да терс таасир тийгизип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас районундагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунун иши менен таанышып, чек арачылардан өлкөгө ташылып келген бардык товарларды эсепке алууну өтүндү. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Мыйзамсыз күйүүчү майлар күн көрүүнүн жолу же көмүскө экономиканын өнүгүшү
Жолугушууда Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнөн кийин келип чыккан күнүмдүк көйгөйлөр, анын ичинен эсепке алынган жана эсепке алынбаган товарлардын өлкөгө ташылып киришине, салык төлөөдөн баш тартуу максатында товардын наркынын төмөндөтүлүшүнө байланышкан маселелер талкууланды.

Осмонов товарларды мамлекеттик контролдон өткөрүү жөнүндө талондун жаңы формасынын бекитилгенине байланыштуу бардык өткөрүү пункттарында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин күнү-түнү алмашып туруучу кезметтери бекитилгенин белгиледи. 

"МСК тарабынан бекитилген кызматкерлер чек арачыларга жардам беришет, ошондой эле товар ташыган жарандарга талонду толтурууда жана башка салык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтөт", — деди төрага. 

Осмонов чек арачылардан принципиалдуу болууну жана ишкердик максатта товар ташыган бардык жактарды эсепке алууну суранды. 

"Чек ара аркылуу товар ташып өткөн ар бир жаран товардын аталышын, канча жана кандай көлөмдө өлкөгө алынып келгенин белгилеп, аларды кийин салык төлөөчү катары каттоо үчүн мамлекеттик текшерүүдөн өтүү жөнүндө талонду толтуруусу зарыл", — деди МСК башчысы.

Анын айтымында, салык төлөөдөн качып айрым ишкерлер талон толтурууда товарлардын баасын төмөндөтүп көрсөткөн фактылар орун алган. 

"Жакында эле үч күндүн ичинде Кыргызстанга 1 миң 237 тонна ун алып келинип, баасы 4 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Учурда ундун базардагы баасы 20-23 сом болуп жатканда импорттолуп келген бир килограмм ундун орточо баасы 3 сомду эле түзүп калган. Ушулардын айынан ак ниет ишкерлер менен республиканын бюджети зыян тартууда", — деди Осмонов.

Кеңешмеден кийин Осмонов жумушчу сапарынын чегинде Манас жана Кара-Буура райондоруна, ошондой эле Жайыл районундагы "Сосновка" жана Панфилов районундагы "Чалдыбар" постторуна барып, салык кызматынын кезметте турган кызматкерлеринин иши менен таанышып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0