Француздарга мейманкана куруу үчүн борбордон 10 миң чарчы метр жер берилди

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМейманкана жумушчусу. Архив
Мейманкана жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франциялык инвесторлор Москва көчөсү менен Манас проспекти кесилишинкен аймакта 10 миң чарчы метр жер сатып алды.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды алдыга жылдыруу боюнча агенттик франциялык  эки компания менен Бишкекте мейманкана куруу боюнча келишимге кол койгонун аталган министрлик билдирди.

Алар борбор калаада эл аралык стандарттагы төрт жылдыздуу мейманкана куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга кызыкдар. Ал эми француз инвесторлорун тарткан компания Москва көчөсү менен Манас проспектинин кесилишкен жеринен 10 миң 777 чарчы метр тилкени сатып алды. 

Алар агенттиктин жардамы менен долбоор Бишкектин курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынан уруксат берүүчү документтерди алуу процессинен өткөндүгүн билдиришти.  

Жаңылыктар түрмөгү
0