Нарын шаарынын ички жолдорун асфальттоого 59 миллион сомдой каралган

Жазылуу
Быйыл облустун жолдорун оӊдоого республикалык бюджеттен 300 миллион сомго жакын каражат каралган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Нарын шаарынын ички жолдоруна асфальт төшөө 20-октябрга чейин аяктарын өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.

Атамбаев: жолдору салынып бүткөндөн кийин Нарын Кыргызстандын транспорт борборуна айланат
Маалыматка ылайык, асфальтталып жаткан жолдун узундугу 6,75 чакырымды түзөт жана ага 58 миллион 700 миң сомдой каралган.

Жалпысынан облустун жолдорун оӊдоого республикалык бюджеттен 300 миллион сомго чукул каражат каралган. 

Мындан тышкары, жолдорду кышкы жана жайкы тейлөө иштерине 50 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Нарын облусунда 3400 чакырымдан ашык автожол бар. Анын ичинен эл аралык маанидеги жолдордун узундугу  518 чакырым, мамлекеттик маанидеги жолдор 1600,14 чакырым, жергиликтүү маанидеги жолдор 1310,6 чакырымды болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0