БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Токмок шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү завод ноябрь айына чейин ишке бериле турганы премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында аталган ишканага арналып өткөн жыйында белгилүү болду.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, заводдо 39 объект курулуп жатат. Учурда анын 30у аяктап, 8 объект 85 пайызга, ал эми 1 объект 50 пайызга бүткөрүлгөн. Курулуш обьектилерин ноябрга чейин аяктоо каралган.
Ал эми заводдун жетекчилиги учурда чийки зат менен камсыз кылуу боюнча Казакстан жана Россия менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын кабарлады.
Өкмөт башчысы сырье менен камсыз кылуу жана өндүрүшкө даярдоо боюнча иштерди тездетип, ноябрь айынын аягына чейин аталган заводду текшерүү тартибинде ишке киргизип сыноону тапшырды.