Экономика министрлиги Кыргызстанга данды кошумча нарк салыксыз киргизүүнү сунуштоодо

© Фото / пресс-служба ГНС КРСалык төлөөчүгө маалымат баракчасы. Архив
Салык төлөөчүгө маалымат баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек аралардын ачылышы менен дандын импорту кескин төмөндөп, жеке адамдар аркылуу келген чет элдик ундун көлөмү көбөйүүдө. Бул салык төлөмдөрүнө терс таасирин тийгизип жатат. Экономика министрлигинин айтымында, данга болгон кошумча нарк салыгын алып салуу Кыргызстандагы ун өндүрүшүн сактап калат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Экономика министрлиги чет жерден келген данга кошумча нарк салыгын алуу каралган Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатканын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстан менен чек аранын ачылышынан улам ал жактан келчү дандын көлөмү кескин азайып кеткен.

"Импортерлор унаа каражаттары менен дан эмес, аз партия менен жеке адамдар аркылуу ундун өзүн ташууга басым жасашат. Мында алар салыксыз режимде иштешүүдө. Бул салыктын көлөмүн гана азайтпастан, жергиликтүү ун өндүрүшчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу менен импорттолгон ундун килограммына үч сомдон алынуучу атайы салык жоюлган.

Ун өндүрүүчүлөрдүн өтүнүчүн эске алып жана мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Экономика министрлиги импорттолгон данга кошумча нарк салыгын алып салуу каралган мыйзам долбоорун демилгелөөдө. 

"Мындай аракет жергиликтүү ундун өздүк баасын төмөндөтүүгө шарт түзөт, демек баа боюнча атаандаштыкты жогорулатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы чек аралардын ачылышы, мындан улам бажы көзөмөлүнүн алынышы менен тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен алектенгендер өлкөгө импорт товарларын ташып келүүдө тийиштүү салык түрлөрүн төлөөгө милдеттүү экенин баса белгилейт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0