Чет элдик насыя менен гранттын басымдуу бөлүгү транспорт жана энергетикага жумшалат

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиевпремьер-министр Темир Сариевдин төралыгы алдында өткөн Макроэкономика жана инвестиция боюнча координациялык кеңештин жыйынында.
премьер-министр Темир Сариевдин төралыгы алдында өткөн Макроэкономика жана инвестиция боюнча координациялык кеңештин жыйынында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрдин айтымында, кыргыз экономикасы оор мезгилди башынан кечирип жатат. Мындай кырдаалда алынган каражатты натыйжалуу пайдалануу максатка ылайык.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Сырттан келген насыялар менен гранттардын басымдуу бөлүгү транспорт жана энергетика тармагына жумшала турганы премьер-министр Темир Сариевдин төралыгы алдында өткөн Макроэкономика жана инвестиция боюнча координациялык кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Улуттук банк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк: насыя карызын кайтарууда нарындыктар алдыга чыкты
Маалыматка ылайык, иш-чарада алынган гранттар менен насыяларды натыйжалуу пайдалануу, долбоорлорду кароо жана баалоо ыкмаларын аныктоо, салыктык префенцияларды жеңилдетүү маселелери каралды.

Сариев Кыргызстандын экономикасы үчүн чет жактан келген насыялар менен гранттарды эффективдүү пайдалануунун мааниси чоң экенин белгилеп, ага көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын билдирди.

"Алынган каражат жөнү жок пайдаланылбашы керек. Эң керектүү делген тармактарга жумшап, максималдуу эффект алуу зарыл. Учурда ири улуттук долбоорлор ишке ашып жатат. Бул жаатта абдан ийгиликтүү мисалдар бар", — деди өкмөт башчы.

Сариев асыл тукумдуулукту арттыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууну тапшырды
Премьер-министрдин айтымында, кыргыз экономикасы оор мезгилди башынан кечирип жатат. Мындай кырдаалда алынган каражатты натыйжалуу пайдалануу максатка ылайык.

Жыйында каржы министри Адылбек Касымалиев сырттан келген насыя менен гранттар транспорт жана энергетика тармагына көп жумшаларын белгиледи. Транспорт тармагына келген каражаттын 28 пайызы, энергетика тармагына 29,9 пайыз, айыл чарба тармагына 11, 9 пайыз, социалдык тармакка алты, ал эми импортту финансылоо жана төлөм мүмкүнчүлүгүн колдоого 25 пайызы чыгымдалган.

Сариев Каржы жана Экономика министрликтерине, ошондой эле өкмөткө караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна донорлордун жардамын эффективдүү колдонууну жакшыртуу боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0