21:51 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR102.9133
  • RUB1.1560
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
39 0 0

"Новогиреево" метросунун станциясында уюштурулган жармаңкеде Кыргызстандан барган жашылча, бал, кургатылган жемиш жана башка азык-түлүктүн түрү коюлат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстан товарларынын азык-түлүк жармаңкеси 21-октябрдан 5-ноябрга чейин Москва шаарындагы "Новогиреево" метросунун станциясында уюштурула турганын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Палата Москва жетекчилиги менен биргеликте уюштурулган иш-чарада Кыргызстандын бардык аймагынын дыйкан фермерлеринин продукциясы тартууланат.

"Жармаңкеде товарды ортомчусуз кардарга тикелей сатуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мындан тышкары, москвалыктардын баасын угуп, дүңүнөн сатып алуучулар менен байланыштарды түптөөгө шарт болот", — деп билдирди палата.

Ош шаарындацгы борбор аянт. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Жармаңкеге келгендер Кыргызстандын балын, жашылча-жемишин, консервациясын жана башка бир катар азык-түлүгүн сатып ала алат.

Москванын бийлиги жармаңке өтө турган маалга соода жайын бардык жабдыгы менен акысыз берүүгө даяр экенин билдирген.

Ал эми кыргыз тарап өз товарын Москвага алып келүү, келген унааларды токтотуучу жай менен камсыздоо, товарларды сактоо жана сатуу, жүктөө, тазалык, санитардык жана өрткө каршы чараларды көрүүгө милдеттендирилген.

Тема боюнча

Москвалыктар кыргыз алмалары менен татымалдарын алууга дилгир
Белгилер:
метро, жармаңке, станция, азык-түлүк, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ