Белгилүү окумуштуу Баян Аламановдун 100 жылдыгына арналган иш-чара болот

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүТегерек стол. Архив
Тегерек стол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жыйырмадан ашык илимий эмгектердин автору.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бүгүн Улуттук илимдер академиясында экономика илимдеринин доктору, коомдук ишмер Баян Аламановдун 100 жылдыгына арналган "Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнүн заманбап проблемалары" илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Бул тууралуу академиянын маалымат кызматы билдирди.

Ысык-көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Болочок экономисттер Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүн талкуулайт
Илимий-практикалык конференцияга илимпоздор, замандаш коомдук ишмерлер, окуу жайлардын окутуучулары келишет.

Баян Аламановдун эмгек жолуна, илимий эмгектерине арналган иш-чараны КР УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев ачат.

Маалымат үчүн: Баян Аламанов (1915 —1985) Чүй облусунун Кант районундагы Денисовка айылында туулган. Киргоспединститутта, ССКП БКсын аяктаган соң бир нече облуста биринчи катчы ж.б. жооптуу кызматтарда иштеген. Бир нече жолу Кыргызстан Компартиясынын Жогорку Советине депутат болуп шайланган.

Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордени, СССРдин бир нече медалдары менен сыйланган. Жыйырмадан ашык илимий эмгектердин автору.

Жаңылыктар түрмөгү
0