Салык кызматы: салык төлөмдөргө натыйжалуу көзөмөл жүргүзүүчү долбоор ишке кирди

© Фото / пресс-служба ГНССалык декларациясын толтуруу. Архив
Салык декларациясын толтуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"ККМ онлайн режими" долбооруна ыктыярдуу негизде ишкердиктин 35 субъектиси –супермаркеттер, май куюучу жайлар, дарыкана, медициналык лабораториялар, диагностикалык борборлор, ТТСтер, кафелер, дүкөндөр жана мейманканалар катышууда.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Салык кызматына маалыматтарды онлайн функциясы менен бериле турган контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) фискалдаштыруу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилгенин Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Акча берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалпы суммасы 62 млн. сомдой салык төлөбөй жүргөн фирма аныкталды
Салык кызматы Кыргызстанда контролдук-кассалык машиналарды фискалдаштыруу аркылуу акча каражаттарын эсепке алуу боюнча контролдун ишенимдүү системасын жайылтууда. Бул салыктарды туура жана толугу менен эсептөөдө, аны тескеп башкарууда көзөмөлдүн натыйжалуу жүргүзүлүшүнө мүмкүндүк берет.

Маалыматка ылайык, долбоор август айынан тартып Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өткөрүлүүдө. 

Салык кызматынын төрагасы Замир Осмоновдун айтымында, долбоорду ишке ашыруу мамлекетке гана эмес, ошондой эле абийирдүү салык төлөөчүлөргө да олуттуу пайда келтирет.

"Акча жүгүртүүлөрдү легалдаштыруунун эсебинен салык жыйымдары көбөйөт, айкын фискалдык система түзүлүп, салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөсү түзүлөт. Ошондой эле абийирдүү субъекттерге карата көзөмөлдүн ар кандай формалары (рейддик, хронометраждык) кыскартылат", — деди төрага.

"ККМ онлайн режими" долбооруна ыктыярдуу негизде ишкердиктин 35 субъектиси –супермаркеттер, май куюучу жайлар, дарыкана, медициналык лабораториялар, диагностикалык борборлор, ТТСтер, кафелер, дүкөндөр жана мейманканалар катышууда.

35 субъектинин 46 контролдук-кассалык машиналары орнотулду, бардыгы болуп 43 миң 996 чек урулду. Долбоорду фискалдаштырууда жүргүзүлүп жаткан эсеп жөнүндө маалымат атайын кассалык аппаратты колдонуу менен оперативдүү түрдө берилет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0