Октябрга карата жалпы киреше 8,7 миллиард сом болот деп болжонууда

© flickr.com / KMR PhotographyТыйындар. Архив
Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операциялык чыгымдарга (мамлекеттик органдар тарабынан каржылана турган) 7 миллиард 199 миллион сом кетери пландалууда.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Октябрга карата жалпы киреше 8,7 миллиард сом болот деп күтүлүп жатса, чыгашалар 9,5 миллиард сом болору болжонууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көз айнек жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттин кирешеси былтыркыга караганда 3 миллиард сомго көбөйдү
Финансылык эмес активдер боюнча чыгымдар 658 миллион сомду түзөт. Ал эми финансылык автивдерге корой турган чыгаша 150 миллион сом, милдеттүү беренелер боюнча 833 миллион сом чыгымдалат.

Андан сырткары операциялык чыгымдарга (мамлекеттик органдар тарабынан каржылана турган) 7 миллиард 199 миллион сом кетери пландалууда. Каражаттын басымдуу бөлүгү 2 миллиард 432 миллион сому айлык-акыга кетет. Ал эми жөлөк пулдарга 1 миллиард 404 миллоин сом арпталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0