БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ишкерлер Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна ишканалар карыздарын жабуу максатында акча алуу үчүн кайрыла турганын аталган мекеме билдирди.
Фонддун маалыматына ылайык, келип түшкөн долбоорлордун 33 пайызы өнөр жай иштетүү, 20 пайызы өндүрүш жабдуусун модернизациялоо боюнча маалымдамалар. Мындан тышкары, 10,5 пайызы кичи ГЭСтерди курууга багытталса, 10,1 пайызы мейманкана бизнеси менен туризмге жана 26,7 пайызы башкаларга арналган.
Эксперттердин айтымында, акыркы бир нече жыл бою каржылык каатчылыкты башынан кечирип келе жаткан бир катар ишканалардан түшкөн маалымдамалар да бар.
"Бул биринчиден, рыноктун жоктугуна жана өндүрүлгөн товардын атаандаштыкка жөндөмсүз болгонуна байланыштуу. Буга жетекчиликтин чабал саясаты да кошумча болот. Мындай компаниялардан фондго акча сурап кайрылат", — дейт алар.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду өткөн жылы Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде түзүлүп иштей баштаган. Ал Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн эки мамлекеттин экономикалык кызматташуусуна жардам берүү максатында уюшулган.