Сентябрда айлык акы үчүн бюджеттен 2,1 млрд. сом бөлүндү

© flickr.com / Pile O'ChangeТыйындар. Архив
Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каржы министрлиги республикалык бюджеттин чыгымынын өсүшүнө мугалимдердин айлык акысы көбөйгөнү себеп экенин белгилейт.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Сентябрь айында айлык акыга бюджеттен 2,1 миллиард сом бөлүнгөнүн Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы чыгым 11 миллиард 682 миллион сом болсо, анын 2 миллиард сомдон ашуун бөлүгү маянага кеткен. Бул август айынын чыгымдарына салыштырмалуу 600 миллион сомго жогору. 

"Чыгымдын көбөйүшү мугалимдердин айлык акысынын жогорулашына байланыштуу", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга 1 миллиард 406 миллион сом бөлүнсө, социалдык жардам иретинде 640,7 миллион сом каралган. Мамлекеттик ишканалардын электр энергиясы үчүн 179,6 миллион сом чыгымдалса, калган каражат корголуу жана коргоосуз беренелерге, ошондой эле мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0