02:21 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Акча алмаштыруу жайы. Архив

Экономика министрлиги: нефтинин арзандашы доллардын өсүшүн шарттап жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
25 0 0

Алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн алдын алуу максатында Улуттук банк жыл башынан бери 18 ирет валюталык интервенция жасап, 43,95 миллион долларга сатып алуу жана 214,94 миллион доллар сатуу боюнча операцияларды жүргүзгөн.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрына карата АКШ долларынын башка валюта түрүнө карата кымбатташы катталганын Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери казак теңгеси 48,6 пайызга, евро 9 пайызга, россия рубли 15,6 пайызга төмөндөгөн. Мындан улам доллар аталган валютага карата 21,8 пайызга жогорулаган.

"Буга нефть баасынын бир баррель үчүн 48,75 доллар болуп арзандашы жана казак теңгесинин кескин девальвациясы себеп болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме доллар улуттук валюта сомго карата жыл башынан бери 68,86 сомдук чекке жетип, 16,9 пайызга кымбаттаганын белгилейт. 

Валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн Улуттук банк чет элдик валютаны сатып алуу жана сатуу боюнча интервенция жасап, эсептик коюмду өзгөрттү. 

"Акыркы жолкусунда эсептик коюм 10 пайызга чейин жогорулатты. Ага экономикалык өсүүнүн көрсөткүчтөрү, тышкы соода операцияларынын кыскарышы жана акча которуулардын азайышы таасир тийгизди", — деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан тышкары, алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн алдын алуу максатында Улуттук банк жыл башынан бери 18 ирет валюталык интервенция жасап, 43,95 миллион долларга сатып алуу жана 214,94 миллион доолар сатуу боюнча операцияларды жүргүзгөн.

"Январь айынан баштап август айына чейинки аралыкта инфляциянын деңгээли 100,1 пайыздын түздү", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча, айрым товарлардын кымбатташы доллар курсунун жогорулашы менен байланыштуу экенин белгилейт.

Тема боюнча

Улуттук банк сомдун кунун сактоого аракет кылууда: 17,6 миллион доллар сатылды
Серепчи: ЕАЭБ алкагында долларды колдонуудан чыгарууга мезгил келди
Белгилер:
курс, доллар, валюта, Улуттук банк, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ