Диль: мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тармакты өнүктүрөт

Жазылуу
Вице-премьер мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы жакын арада түзүлөрүн, мындан улам көрсөтүлүүчү кызматтардын түрү көбөйө турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын түзүлүшү аталган тармак боюнча рынокту өнүктүрүүгө өбөлгө болорун вице-премьер Валерий Диль Мамлекеттик финансы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Санжар Муканбектовду кабыл алуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, мекеме камсыздандыруу тармагы боюнча алган милдеттемелерин өз убагында аткарышы шарт.

"Негизинен баалуу кагаз рыногунун мыйзамдарын жакшыртуу, аудитордук рынокту өнүктүрүү жана аудиторлор тарабынан көрсөтүлгөн кызматты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарыл", — деди чиновник.

Диль кызматтын төрагасы Муканбетов менен жергиликтүү финансы жана камсыздандыруу рынокторунун кийинки кадамдарын талкуулады. Анын айтымында, камсыздандыруу рыногуна басым жасоо зарыл. 

"Унааларды милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүү менен бул багытта алгачкы аракеттер жасалып жатат. Жоопкерчиликтин өсүшү менен камсыздандыруу компанияларынын уставдык капталын жогорулатуу жана Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түзүү аталган тармакты өнүктүрүүгө шарт түзөт", — деди Диль.

Вице-премьер мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы жакын арада түзүлөрүн, мындан улам көрсөтүлүүчү кызматтардын түрү көбөйө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0