Келерки жылы жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 1,5 млрд. сомго көп болот

Жазылуу
Жергиликтүү бюджеттердин көбөйүшү аймактагы кирешелердин өскөнүнө байланыштуу.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Республикалык бюджеттин 2016-жылкы мыйзам долбооруна ылайык, жергиликтүү бюджеттер 18 миллиард 900,9 миллион сомду түзөт. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 1 миллиард 455,3 миллион сомго көп. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Акча саноочу машина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сегиз айда республикалык бюджетке 70,6 млрд. сом түшүп, 69,4 млрд. сом чыгымдалган
Жергиликтүү бюджеттердин көбөйүшү аймактагы кирешелердин өскөнүнө байланыштуу.

2016-жылдын бюджетинин долбоору Кыргызстандын ченем-укуктук актылары жана эки системалуу бюджеттик системанын талаптарынын негизинде аныкталган.

Жергиликтүү бюджеттердин саны 484. Алар республикалык деңгээлдеги эки шаардан, облустук маанидеги 12 шаардан, райондук деңгээлдеги 17 шаардан жана 453 айыл аймактарынан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0