Сариев Кыргызстандын салык системасын өзгөртүүнү сунуштады

Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандагы салык системасын реформалоо ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында атаандаштыкты түзүүгө жана бизнестин өнүгүшүнө түрткү берет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭбдеги өнөктөштөрүнөн биринчи болуп салык системасын реформалоосу керек экенин премьер-министр Темир Сариев ишкерлер менен жолугуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда салык системасы либералдуу, бирок ал дагы мамлекеттин ЕАЭБге кошулушу менен жаңыланууга муктаж.

"Бул маселе менен алектене турган эксперттик топ түзүлдү. Ал Экономика министрлигинин алдында иш алып барат. Салык системасын реформалоого ишкерлер да катышса болот", — деди Сариев.

Өкмөт башчы салык системасына өзгөртүү киргизүү боюнча мамлекетти ишкерлер биринчилерден болуп шаштырышканын эскертти. 

"Тез арада бизнестин өнүгүүсү үчүн атаандаштыкты түзүшүбүз керек. Бул сөзсүз түрдө мыйзам менен бекитилиши зарыл", — деди премьер-министр.

ЕАЭБдин Бажы кодекси 2016-жылдан тарта иштей баштайт
Сариев өкмөт жеке бизнеске мамлекеттин кийлигишүүсүн кыскартып келерин белгиледи. Буга ылайык, мамлекеттик кызмат көрсөтүү 54кө, текшерүүчү органдардын саны 12ге кыскарганын кошумчалады. Мындан тышкары, лицензия талап кылынган ишкердиктин түрү 101ге азайган. 

Премьер-министр бул тизме жакын арада дагы кыскарарын билдирди.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 12-августтан тарта толук кандуу мүчө болгон. Мындан улам кыргыз-казак чек арасындагы бардык бажы процедуралары алынып, Кыргызстандын аймагында бирдиктүү бажы тарифи жана ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн тышкы экономикалык бирдиктүү товар номенклатурасы киргизилген. 

ЕАЭБ — Россия, Казакстан жана Белоруссиянын Бажы биримдигинин негизинде 2015-жылдын 1-январынан тарта түзүлгөн экономикалык биримдик. Ага Армения да мүчө болгон. Биримдиктин алкагында ага мүчө мамлекеттер арасында товар, кызмат, капитал жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0