Диль: Токмоктун нефтини кайра иштетүүчү заводу 7-ноябрга чейин ишке кириши керек

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүНефтини кайра иштетүүчү завод. Архив
Нефтини кайра иштетүүчү завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер башкы көйгөй катары өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн чийки зат менен камсыздоону жана продукцияны сатуу маселелерин баса белгиледи.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Токмоктогу нефтини кайра иштетүүчү завод 7-ноябрга чейин ишке кириши керектигин вице-премьер Валерий Диль Чүй облусуна болгон иш сапарынын учурунда билдирди.

Вице-премьер учурда мамлекет алдында экономиканы индустриалдык багытка коюп, өнүктүрүү максаты турганын, бул жаатта Токмоктогу заводдун ишке кириши чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

"Башкы көйгөй — өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн чийки зат менен камсыздоону жана продукцияны сатуу маселелерин чечүү болуп саналат. Жакында ишке кирген Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү завод чийки зат менен камсыздоо боюнча туруктуу келишимдин жоктугунан толук кандуу иштей албай турат. Буга өзгөчө көңүл буруу керек. Өкмөт заводдун иштешине кызыкдар, андыктан колдоо көрсөтөт. Мындан улам заводду 7-ноябрга чейин ачууну сунуштайм, калган маселелерди иш тартибинде чечүүгө болот", — деди Диль.

Муну менен бирге вице-премьер завод жетекчилигинин көңүлүн экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелерине бөлдү.

Иш сапарынын алкагында Диль Быстровка ГЭСинин абалы менен таанышып, аталган станция жаңылоого муктаж экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0