Атамбаев УБ төрагасы менен валюта курсун талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов менен.
Алмазбек Атамбаев улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев ЕАЭБ алкагында экспорттоочу ишканаларды өнүктүрүү үчүн валюта рыногунун туруктуулугу чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Улуттук банк валюта рыногундагы абалга тыкыр көзөмөл жасашы керектигин президент Алмазбек Атамбаев аталган мекеменин жетекчиси Толкунбек Абдыгуловду кабыл алуу учурунда билдирди.

Евро жана доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Казакстандын акча алмаштыруу жайларында евро менен доллар түгөнүүдө
Анда Улуттук банктын төрагасы мекеменин банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыздоо, инфляцияны төмөндөтүү жана улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө багытында жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди. 

Өлкө башчысы Улуттук банк Кыргызстандын негизги соода-экономикалык жактан өнөктөш мамлекеттердин валюта рыногун тыкыр көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи.

"Бул Кыргызстандагы валюта рыногун жана макроэкономикалык абалды туруктуу кармап турууга өбөлгө болот", — деди президент.

Атамбаев ЕАЭБ алкагында экспорттоочу ишканаларды өнүктүрүү үчүн валюта рыногунун туруктуулугу чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0