Сариев: жеткиликтүү турак-жай программасында инвестиция үй курууга тартылат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" мамлекеттик программасынын чогулушунда.
Премьер-министр Темир Сариев Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020 мамлекеттик программасынын чогулушунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жеткиликтүү турак-жай" программасы премьер-министрдин демилгеси менен башталган. Өкмөт башчы аталган программаны экономика министри кызматын аткарып турган кезде иштеп чыккан. Үстүбүздөгү жылдын 5-августунда долбоор өкмөт тарабынан бекитилген.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" мамлекеттик программасы жеткиликтүү турак-жай курууга инвестиция тартуу мене финансылык механизмдерди түзүүгө багытталганын премьер-министр Темир Сариев аталган программаны кароо боюнча кеңешмеде билдирди.

"Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасына ылайык, кыргызстандык жарандар төмөнкү пайыздык үстөк менен ипотека аркылуу кыймылсыз мүлккө ээ боло алышат. 

Сариев аталган программа өкмөт тарабынан калкты турак-жай менен менен камсыздоо маселесин чечүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

"Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасы жөн гана ипотекалык насыялоо эмес. Бул — турак-жай жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралардын жыйындысы. Коммерциялык банктардын насыялоо программасынан кескин айырмаланып, жеткиликтүү турак-жай курууга инвестиция тартуу менен финансылык механизмдерди түзүү аркылуу турак-жай жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган", — деди өкөмөт башчы.

Премьер-министр аталган программанын борбордук элементи катары мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) түзүлүшү эсептелет. 

"Алгачкы уставдык капитал 10 миллион сом болуп, 5 жыл аралыгында ар жыл сайын 150 миллионго толукталып турат. Жарандардан түшкөн ар бир арыз тыкыр каралып, тийиштүү категорияларга киргизилет. Андан соң ар бир зайымчыны жеке түрдө насыялоо механизми аныкталат", — деди Сариев.

Банкоматтан акча алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека компаниясы Кыргызстанда күздөн тартып иштей баштайт
"Жеткиликтүү турак-жай" программасы премьер-министрдин демилгеси менен башталган. Өкмөт башчы аталган программаны экономика министри кызматын аткарып турган кезде иштеп чыккан. Үстүбүздөгү жылдын 5-августунда долбоор өкмөт тарабынан бекитилген.

Сариев программаны ишке ашыруу процессин тездетүүнү тапшырып, үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин программанын жыйынтык варианты бекитилиши керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0