Диль кыска мөөнөттө өзүн актаган долбоорлорду түзүүнү сунуштады

Жазылуу
Сунушталган долбоорлордун келечеги кең, бирок бизнестин кызыгуусун жаратуу үчүн аларды кайрадан бир сыйра карап чыгуу керек дейт вице-премьер-министр.

БИШКЕК, 16-сен. – Sputnik. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы долбоорлор бизнестин чыныгы кызыгуусун жараткандай болушу керектигин вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьердин жетекчилиги алдында Каржылоо фондусунун байкоочу кеңешинин жыйыны болуп өттү. 

"Бир катар кызыктуу долбоорлор сунушталганы менен дээрлик баарынын өзүн актоо мөөнөтү узак болууда. Алсак, "Жолдорду бойлой салынуучу унаа токтотуучу жайларды куруу" долбоору 17 жылдан кийин гана киреше бере баштайт. Бул өтө узак мөөнөт. Бүгүнкү күндө 370 миң унаа болсо анын 2 384үнө гана атайы жай каралган", — деди чиновник.

Дилдин айтымында, сунушталган долбоорлордун келечеги кең, бирок бизнестин кызыгуусун жаратуу үчүн аларды кайрадан бир сыйра карап чыгуу керек.

"Буга Улуттук госпиталдын базасында ангиографиялык борбор түзүү жана саламаттык сактоо мекемелерине компьютердик томографтарды орнотуу боюнча долбоорлор да кирет. Туура түзүлгөн бизнес-план ишкерлерди тартууга жардам берет. Мында өзүн актоо мөөнөтү алардын талабына дал келиши керек", — деди вице-премьер. 

Чиновник жыйындын жүрүшүндө медициналык жабдуулар илимий-техникалык өнүгүүнүн фонунда тез эскирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0