16:50 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Улуттук банктын имараты. Архив

Улуттук банк сомдун кунун сактоого аракет кылууда: 17,6 миллион доллар сатылды

© Фото / пресс-служба НБКР
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
61 0 0

Америка валютасынын расмий курсу бир айда алты сомго өсүп, 67,5 сомду түздү. Бүгүн бир катар акча алмаштыруу жайлары долларды 70 сомдон сатышты.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өлкө ичинде валюталык каатчылык болбошу үчүн Улуттук банктын 17,6 миллион доллар сатканы банктын расмий сайтында маалымдалды. Жыл башынан бери бул 17-жолу жасалып жаткан интервенция.

Дем алыш күндөрү эле сомдун башка валюталарга болгон катышы бир пайызга төмөндөдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир айда эле доллар алты сомго кымбаттаган. Дүйшөмбү күнү бир доллардын расмий курсу 67,5 сомду түздү.

Шаардагы акча алмаштыруу жайлары бир АКШ долларын элге 70 сомдон соодалап, 69 сомдон сатып алууда.

Тема боюнча

Эксперт: доллар күзүндө 75ке чейин чыгып кетиши мүмкүн
Экономист: теңгенин түшүүсү КРди экономиканы же калкты тандоого мажбур кылат
Белгилер:
курс, доллар, валюта, Улуттук банк
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ