Сариев: Жерди изилдөөдө Борбор Азия институтунун маалыматтарын кеңири пайдалануу керек

Жазылуу
Жерди прикладдык изилдөөлөр боюнча Борбор Азия институту 2005-жылы ачылган. Институт геодинамика, геокатастрофалар, климат, суу жана табигый байлыктар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Жерди прикладдык изилдөөлөр боюнча Борбор Азия институтунун маалыматтары мамлекеттик органдар тарабынан колдонулушу керектигин билдирди.

Бул тууралуу өкмөт башчынын аталган институттун иши менен таанышуусу учурунда белгилүү болду. 

Премьер-министр аталган институт сейсмология, суу ресурстарын изилдөө, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу, гляциология, климаттын өзгөрүүсү боюнча маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын белгилеп, бул жаатта мамлекеттик органдар менен байланышты күчөтүү зарылчылыгын кошумчалады.

"Институт Кыргызстан үчүн актуалдуу болгон маселелерди илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Мындай көмөктөшүүнүн мааниси абдан чоң", — деди Сариев.

Сариев илимий изилдөө институтунун ишмердигин сынга алды
Мындан улам өкмөт башчы Жерди прикладдык изилдөөлөр боюнча Борбор Азия институтунун маалыматтарын мамлекеттик органдардын колдонушу үчүн атайын жол-жоболорду иштеп чыгууну тапшырды.

Жерди прикладдык изилдөөлөр боюнча Борбор Азия институту 2005-жылы ачылган. Институт геодинамика, геокатастрофалар, климат, суу жана табигый байлыктар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Акыркы жылдары Сары-Жаз дарыясында гидроэлектрстанцияларды куруу үчүн геологиялык, геофизикалык, Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү ири шаарлардын сейсмикалык аймактарга бөлүү, Тянь-Шань жана Фергана бассейинин мисалында жер көчкүлөрдүн жылышын байкоо жана алдын алуу боюнча изилдөөлөрдү ишке ашырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0