Чувашия Кыргызстанда тигилген кийим-кечеге кызыкдар

© Sputnik / Табылды КадырбековТигүүчү Кыргыз Республикасынын желегин даярдап жатат. Архив
Тигүүчү Кыргыз Республикасынын желегин даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өндүрүштүн жүрүшү жана көлөмү менен жеринде таанышуу үчүн чувашиялык ишкерлер Кыргызстанга келүүсү жөнүндө макулдашылды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандык тикмечилердин колунан чыккан продукция Россиянын Москва баш болгон ири шаарларына экспорттоло турганын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Петербургдагы экономикалык форумга Кыргызстандын ишкерлери да катышууда
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында жеңил өнөр жай тармагында ишканалардын кызматташуусун түптөө жана аны өнүктүрүү максатында Кыргызстан менен Россиянын Чувашия республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Чувашиядан келген ишкерлер Кыргызстанда тигилген продукцияны россиялык рынокко алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Кыргыз тараптан жолугушууга кийим-кече тигүү менен алектенген 10 ишкана катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өндүрүштүн жүрүшү жана көлөмү менен жеринде таанышуу үчүн чувашиялык ишкерлер Кыргызстанга келүүсү макулдашылды. Мындан тышкары, кызматташуу тууралуу келишимден соң кыргызстандык тикмечилердин колунан чыккан кийим-кече Чувашия эле эмес, Россиянын Москва баш болгон ири шаарларына эскпортко чыга турганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0