Белоруссия КР менен айыл чарба техникаларын сатуу тармагында кызматташууга даяр

© пресс-служба ТПП КРTOPOZ трактору. Архив
TOPOZ трактору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Белоруссиянын Гродно шаарына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Темир Сариев Белоруссияга болгон иш сапарынын алкагында 7-сентябрда өлкөнүн премьер-министри Андрей Кобяков менен жолукканын КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки ɵлкɵ ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты ɵнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сариев бул сапар Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп киргенден кийинки алгачкы сапар экендигин белгиледи.

"Быйыл 12-августта Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы бажы кɵзɵмɵлү алынып, Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп кирди. Мында Белоруссия колдоого алганы үчүн ыраазычылык билдирем. Биз муну абдан кыска мɵɵнɵттүн ичинде ишке ашыра алдык. Эми бул мүмкүнчүлүктɵрдү арттыруу үчүн биргеликте аракет кɵрүшүбүз керек", — деди ал.

Сариев ЕАЭБ алкагында кесиптештери менен жолугуу үчүн Белоруссияга учуп кетти
Анрей Кобяков Кыргызстан жана Белоруссиянын ортосунда товар жүгүртүүнү жогорулатууга мүмкүнчүлүктɵр кɵп экенин белгиледи. Ал ошондой эле Белоруссия тарап Кыргызстан менен айыл чарба техникаларын сатуу тармагында кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Премьер-министр Темир Сариев Белоруссиянын Гродно шаарына Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барган.

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында өтүүчү Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынын алкагында ЕАЭБ ишин мындан ары жакшыртууга багытталган маселелердин каралышы пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0