Сентябрь айында бензин 1 сомго, ал эми көк май 2 сомго арзандады

© AFP / PHILIPPE HUGUENБензин куйуучу жай. Архив
Бензин куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча күйүүчү майга болгон орточо баа 2015-жылдын январь-август айларында 2,4 сомго же 5 пайызга төмөндөгөн.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жумадан баштап АИ-80 жана АИ-90 маркасындагы бензинге болгон баа бир сомго, ал эми көк май эки сомго арзандаганын КР нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Бензин куючу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акенеев: ЕАЭБде бензин баарына жетет
Мекеме акыркы убакта күйүүчү майдын баасынын кымбаттаганына карабастан, баары бир жыл башындагы баага салыштырмалуу төмөн бойдон турганын белгилейт. Мында республика боюнча күйүүчү майга болгон орточо баа 2015-жылдын январь-август айларында 2,4 сомго же беш пайызга төмөндөгөн.

Россиялык мунайзат рыногундагы абал турукташты. Заводдордун унаа бензинине болгон баа август айындагыдай эле өзгөрүүсүз калды. Ал эми көк майдын наркы 10 пайызга чейин арзандаган.

Заводдордо мунайзаты өндүрүүнүн көлөмү жогорулагандыктан, өндүрүмдүн дүң баасы бир калыпта турат.

Ассоциация Кыргызстан күйүүчү майдын керектүү көлөмү менен үзгүлтүксүз камсыз болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0