Катардык ишкерлер Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн изилдейт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүДоха шаары, Катар. Архив
Доха шаары, Катар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү тийиштүү министрлик жана мекемелердин катышуусу менен кеңейтилген сүйлөшүүлөр жүрөт. Мындан тышкары, делегация жетекчисин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кабыл алуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү Кыргызстанга Катардын бизнес делегациясы келгенин Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Банкадагы акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга инвестиция былтыркыга караганда көп келген
Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын декабрь айында Катар мамлекетине расмий сапар менен барып, эки мамлекеттин ишкерлеринин кызматташуусу жана араб өлкөсүнүн борборунда Кыргызстандын элчилигин ачуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Чет мамлекеттик ишкерлерди Катардын тышкы иштер министринин эл аралык кызматташуу боюнча орун басары Шейх Мухаммед бин Абдурахман Аль-Тани жетектеп келди.

Катар делегациясы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн изилдөө максатында келгени айтылууда.

Жума күнү тийиштүү министрлик жана мекемелердин катышуусу менен кеңейтилген сүйлөшүүлөр жүрөт. Мындан тышкары, делегация жетекчисин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кабыл алуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0