Кара-Кечеге жылуулук станциясын курууга кытайлар кызыкдар

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүЖылуулук станциясы. Архив
Жылуулук станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай компаниясы, эгер тендерди утуп алса, аны аткарууга эки миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук станциясы курула турганын вице-премьер-министр Валерий Диль Кытайдын "Harbin Electric International Company Limited" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, кенде жылуулук станциясын куруу маселеси көптөн бери талкууланып келе жатат.

"Жакын арада аталган кенди комплекстүү өздөштүрүү боюнча тендер башталат. Долбоорго ылайык, жылуулук станциясынын, "Балыкчы — Кочкор-Ата" темир жолунун курулушу, көмүр казуу, курулуш материалдарын жана үрөн өндүрүү боюнча заводдун курулушу каралган", — деди Диль.

Өз кезегинде кытай компаниясынын өкүлдөрү кенге жылуулук станция курулушунун техникалык шарттарын карап чыгышканын айтып, боло турган тендерге катышуу ниетин билдиришти.

"Долбоордун ишке ашышы менен жумушчу орундар көбөйүп, Нарын облусунун экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болот", — дешти өкүлдөр. 

Кытай компаниясы эгер тендерден жеңишке жетишсе бул максаттарга эки миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда.

"Мында мектеп, оорукана, бала бакча куруу сыяктуу социалдык обьектилер тууралуу сөз болууда. Аталган кен жайгашкан аймактын калкына социалдык колдоо көрсөтүү зарыл", — деди вице-премьер.

Жолугушуу учурунда Диль долбоорду ишке ашырууда жумушчулардын басымдуу бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзүшү керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0